Жумалиевден акча талап кылган адам кыйналганынан улам ушул кадамга барганын айтууда

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевден “кылмыш ишиңди жаап берем” деп акча талап кылуу боюнча иштин чоо-жайы айтылды.

Бишкек ШИИББинин маалыматы боюнча, акча талап кылуу фактысы боюнча кармалган адамдын Финполго тиешеси жок. Жумалиев 5-декабрь күнү Биринчи Май РИИБине белгисиз бир адам кылмыш ишин жаап берем деп 20 миң доллар талап кылып жатканын айтып кайрылган. 20-декабрда 2 миң долларды берүү учурунда 24 жаштагы жаран акча менен кармалды. Суракка алынган учурда шектүү Бишкекте апасы менен жашарын, учурда эч жерде иштебей турганын айтып берген. Ал бул кылмышка акчасы жок кыйналганынан улам барганын билдирген”, — деп жазылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.

Учурда кармалган адамдын ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бардыгы текшерилип жатат.