Жумалиевден акча талап кылган адам үй камагына чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевден “кылмыш ишиңди жаап берем” деп акча талап кылган жаран соттун чечими менен үй камагына чыгарылды.

Жумалиевдин жактоочусунун айтымында, бул чечимге даттанып Бишкек шаардык сотуна кайрылышат. “Мындай акча талап кылган адам эркиндикте болбошу керек. Анын башка иштерге тиешеси бардыгы же жоктугу да текшерилип бүтө элек болчу”, — дейт жактоочу.