Жумгалда жубайлар урушуп, эртеси жолдошу асынган абалда табылды

14-январда Нарындын Жумгал районунда 25 жаштагы жигит өзүнүн үйүнүн короосунда асынган абалда табылды. Ага чейин ал жубайы менен урушуп, жаңжалдан кийин 18 жаштагы аялы ооруканага жаткырылган болчу. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициядан маалымдашкандай, жубайлар өткөн жылы үйлөнүшкөн жана экөөнүн 4 айлык кызы бар. Жигиттин жансыз денеси табылгандан бир күн мурда ал аялы менен уруша кетип, кийин келиндин туугандары келип, аны ооруканага жаткырышкан. Милиция кызматкерлери келинден окуя тууралуу сураганда ал аны жолдошу сабап салганын айткан.