12-февраль түнү Жумгал районундагы Баш-Кууганды орто мектебинин 10-классынын окуучулары өз ара пикир келишпестиктин балдардын бири денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.
13-февралда саат 00:05 чамасында Жумгал райондук ооруканасынан милициянын 102 кызматына денесинен жаракат алган 2009-жылы туулган өспүрүм түшкөнүн маалымдашкан. Окуя Жумгал РИИБдин реестрине катталып, тергөөгө чейинки териштирүү башталган. Жабыркаган бала өзүнүн классташы менен уюлдук телефон талашып, уруша кетишкенин, классташы аны учтуу нерсе менен сол санына сайып, качып кеткенин айтып берген. Жабыркаган өспүрүмдүн ата-энеси факты боюнча арыз жазуудан баш тарткан.
Алдын алуу иштерин жүргүзбөгөнү үчүн Жумгал РИИБдин беш кызматкери тартиптик жазага тартылды.