Жумгалда мал кайтарууга кетип, дайынсыз болуп жаткандар ата-бала экени маалым болду

Кечээ, 21-октябрда ӨКМ маалымат таратып, Жумгалда 45 жана 9 жаштагы жарандар дайынсыз болуп жатканын билдирген. 

«Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылынын 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундары мал кайтарууга жайлоого кетип, 16-октябрдан бери дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн»,- дешкен.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бүгүн, 22-октябрда окуя боюнча Нарын ОИИБге кайрылганыбызда, издөө иштери улантылып жатканын айтты. «Бир туугандары, классташтары, ӨКМ, милицияга кызматкерлери болуп, жалпы 100дөн ашык киши издеп жатат. Дайынсыз болуп жаткандар 45 жаштагы атасы менен 9 жаштагы баласы»,- дешти облустук милициядан.