Жумгалда сууга агып кеткен бала: Атасы үйгө кирип, кайра чыгып эле уулун таппай калган

Кечээ, 7-апрель күнү саат 19:10 чамасында милицияга билдирүү келип түшкөн. Анда Жумгал районунун тургуну эки жаштагы баласы чарбакта ойноп жатып, белгисиз себептер менен жок болуп жатат деп билдирген. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынан маалымдашты.

Аталган окуя боюнча ыкчам-тергөө тобу барган учурда 1993-жылы туулган Чаек айылынын тургунунун 2020-жылы туулган баласы саат 17:30 чамасында үйүнүн алдында ойноп жатып, атасы үйүнө кирип кайра чыгып уулун таппай калганы аныкталган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда Жумгал суусунун Орто-Токой тилкесинин суунун эки айрылышынан баланын жансыз денеси суудан табылды.

Бүгүнкү күндө териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.