Жумгалдагы ата-баланы издөө. Дайынсыз жарандардын бири дээрлик бир айдан кийин табылды

Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында мал кайтарып жүрүп, 16-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан жергиликтүү эки тургундун (ата-бала) бирөөсүнүн денеси бүгүн, 14-ноябрда туугандары тарабынан табылып, сөөгү Жумгал райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүп берилди. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Алдын ала маалыматка ылайык, 1979-жылы туулган К.Б.нын (атасы) сөөгү Жумгал менен Токтогул району чектешкен аймакта Көкөмерен суусунан табылган.

Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, адамдын жансыз денеси иттердин жардамы менен дарыянын жээгинен табылып, ит жоголгон жарандын жытын алып, анын сөөгүн Көкөмерен суусунун боюнда аныктады. Учурда издөө иштери анын уулун табууга багытталган.