Жумгалдын тургунун терек басып калып каза болду

5-март күнү Жумгал райондук ооруканасынын дарыгери милицияга чалып, Кызыл-Жылдыз айылынын 1972-жылы туулган тургунун «Беш-Терек айылынан кыйылган бакты түшүрүп жатып, бак менен кошо жыгылып түшүп, каза болуп калды» деп ооруканага алып келишкенин билдирген.

Милиция кызматкерлери тарабынан териштирүүдө төмөнкүлөр аныкталган: Бишкек шаарынын тургунуна тиешелүү жүк ташыган автоунаадан кыйылган 5 метрлик калың теректерди жерге түшүрүп жатып, Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну терек менен кошо жерге жыгылып түшүп, аны басып калып, кырсыктын кесепетинен каза болуп калгандыгы аныкталган. Азыркы учурда бул факты боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүп жатат.