«Жунхай» базарынан мыйзамсыз ташылып келген 70 миңден ашык электрондук чылым табылды

Кытайда чыгарылган электрондук чылымдарды Кыргыз Республикасына алып келип сатуу жана Орусияга транзиттик жол менен алып өтүү каналы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК козгогон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө ири өлчөмдөгү электрондук чылымдарды Кытайдан Кыргызстанга бажы төлөмү жана салык төлөмдөрү жок аткезчилик жол менен алып өтүү каналы аныкталды.

21-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (опузалап талап кылуу) фактысы боюнча чет элдик жарандан 50 миң долларын талап кылуу фактысы менен мурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери болгон Кыргыз жараны жана чет мамлекеттин жараны кармалды. Аталган адамдар Кыргыз Республикасына жана Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерге сатуу максатында Кытайдан электрондук чылымдарды контрабандалык жол менен алып өтүүнү уюштурушканы аныкталган. Ошол эле учурда кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

“Жунхай” базарынан Кыргызстандын аймагына бажы алымдарын төлөбөстөн ташылып келген, жалпы 200 миң доллардан ашык сумманы түзгөн 70 миң даанадан ашык электрондук чылымдардын партиясы табылган. Азыркы учурда кылмыш ишинин алкагында көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын бул мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар экендигин, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.