Журналист Канат Каниметов УКМКга суракка чакырылды

«Апрель» телеканалынын кабарчысы Канат Каниметов УКМКга Абдил Сегизбаевдин иши боюнча суракка чакырылды. Бул туууралуу журналист социалдык түйүндөгү жеке баракчасына жазды.

«Абдил Сегизбаевдин ишине байланыштуу саат 15:00гө УКМК суракка чакырды. Тергөөчүнүн аты Санжар Жантаев экен. Барамын, баратамын, бара жатам»,- деп жазды ал.

Эске салсак, Абдил Сегизбаевге 6 кылмыш иши козголгон. Ал 25-январда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган болчу. Ага «Белизгейт» деп атыккан иштин алкагында мыйзамсыз аракеттер жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кылмыш иши козголгон.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Сегизбаев 25-мартка чейин камакта калтырылган.

Ал эми 3-февралда анын шайлоо штабында иштеген Мээрим Асанованын үйүндө тинтүү жүрүп, анын күйөөсүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) суракка алып кетишкен. Асанова тинтүү учурун түз эфир аркылуу да чагылдырган эле. Абакта жаткан Сегизбаев кайрылуу жасап, анын штабында иштеген адамдар эч кандай мыйзамсыз иштерге барбаганын айткан эле.