Журналист Санрабия Сатыбалдиева эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

Журналист Санрабия Сатыбалдиева эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулганын бүгүн, 4-ноябрда «Кылым шамы» укук коргоо борборунун директору Азиза Абдирасулова социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди тергөөчү чыгарган.

Журналист Санрабия Сатыбалдиева түнү кармалып, кийин Ички иштер министрлигинен анын опузалап акча талап кылууга шектелип жатканын маалымдашкан.