Журналист Санрабия Сатыбалдиева менен анын операторунун иши сотко өттү

Журналист Санрабия Сатыбалдиева менен анын оператору Калыс Ашырбаевге карата козголгон кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Жактоочунун айтымында, акча талап кылууга шектелген журналист менен оператордун күнөөсү тергөөнүн жүрүшүндө далилденген эмес.

Өткөн жылдын ноябрь айында журналист Санрабия Сатыбалдиева менен анын оператору Калыс Ашырбаев опузалап акча талап кылууга шектелип кармалганын ИИМден билдиришкен. Кийин журналист эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулуп, оператор камакта калтырылган болчу.