Журналистти УКМКга карматкан айдоочу дагы кимге пара сунуштаган?

«Кабарлар» Жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчиси Үмүт Мукамбетованын үстүнөн арыз жазып, УКМКга карматкан айдоочу өзүн мас абалында тартылып калган видеосун өчүрттүрүү максатында башка интернет сайттарына да кайрылып, коркутуп аларга пара сунуштаган. Бул тууралуу  “Оppa_kg” интернет сайтынын администратору Нурис Алымбаев айтып, далил катары деп, смс каттарын көрсөттү.

Анын айтымында айдоочу өзүнүн мас абалында тартылган видеосун өчүрттүрүп салуу үчүн Алымбаевге (“Оppa_kg”) кайрылып, биринчи акча сунуштаган. Бирок алар өчүрбөөрүн айтышканда айдоочу аларды коркутуп, укук коргоо органдарына кайрылып алардын үстүнөн арыз жазарын айткан.

Эске салсак бир апта мурун интернет айдыңында мас абалындагы айдоочунун Президент Садыр Жапаровго кайрылып “Садыр Нургожоевич мен үйүмө барамбы же жокпу? Булар мени коё береби же жокпу?”-деген видеосу тарап кеткен. Ал эми бүгүн 23-февралда аталган айдоочунун арызынын негизинде УКМК тарабынан пара алап жаткан жеринен «Кабарлар» ЖКМсынын башчысы кармалды. Бирок мындай маалымат түшкөндөн кийин социалдык түйүндөрдө  кармалган жетекчинин жакындары, кесиптештери дал ушул айдоочунун жала жабуусунун негизинде болуп жатканын айтышууда.