Журналисттик иликтөөдөн кийин. ПЦР-тесттин жасалма жыйынтыктарын сатып жүргөндөр кармалды

ПЦР-тестти жасалмалоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

25-август күнү Кыргызстандын аймагында белгисиз адамдар тарабынан ПЦР-тесттин жыйынтыктарын жасалмалоо боюнча журналисттик иликтөө чыккан. Бул материал милиция кызматкерлери тарабынан териштирилип, Аламүдүн РИИБи тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 359-беренеси (документтердин жасалмасы) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Жогорудагы материалдардын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Чүй ОИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы журналисттик иликтөөдөгү эркек кишилердин аты-жөнү такталып колго түшүрүлдү. Алар 1996-жылы туулган жигиттер.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан. Алдын ала териштирүү учурунда, шектүүлөрдүн бири көзөмөл-өткөрмө жайлардын биринде такси айдап иштеп, кардарларды таап жүргөн. Ал эми шектүүлөрдүн экинчиси оорубагандыгы тууралуу ПЦР-тесттин жыйынтыгын даярдап келген. Ал үчүн ар бир ПЦР-тесттин жыйынтыгы үчүн кардар таап жүргөн шектүү 1300 сомун алса, калган акчаны шектүүлөрдүн экинчиси алып жүргөнү маалым болду.

Учурда Чүй ОИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан мындай кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу максатында ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.