«Жыгылып, бычак ичиме кирип кетти деп айт». Ошто өгөй эне кызына бычак саюуга шектелүүдө

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Ошто 8 жаштагы кыз денесинен жаракат алып, ооруканага түшкөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти.

6-декабрь күнү Ош шаарынын 2014-жылы туулган тургуну денесинен жараат алып, Оштогу облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына кайрылгандыгын дарыгер билдирген. Анын билдирүүсү боюнча топтолгон материалдар ошол күнү Ош ШИИБге катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган. Текшерүү мезгилинде, кыздын багып алган апасы окуя болгон күнү кызы үйүндө жыгылып, аш бычакты ичине сайып алып жараат алганын айткан. Бирок экспертиза ден-соолукка «оор залал» келтирген деген жыйынтык чыгарган.

«6-декабрда кыз сурак берген. Кыз үйдө сабак жазып жаткан мезгилде ага апасы «сабак даярдаба» деген. Ага карабай, сабак даярдоосун улантканда кыздын ичине базардан курчутуп келген аш бычак менен сайып жибергенин, ал халатын тешип ичине кирип кеткенин айткан. «Мен окуя болгон жерде ичим ооруп жерге жыгылып ыйлап жатып калдым, анан апам мени машина менен ооруканага алып келди. Ал жерден «эгерде кимдир бирөө сенден сураса, өзүм жыгылып бычак ичиме сайылып кетти деп айт, андай дебей мени сайып жиберди десең, мени камап коюшат» деди. Ошондуктан мени сураган адамдарга мен өзүм жыгылып бычак сайылып калды деп айтып жүрдүм» деген көрсөтмө берген», — деп айтылат маалыматта.

Окуя боюнча кылмыш иши козголду.