Жүк ташуучу унаанын кичи автобусту сүзүшү. Дарыгер жабыркагандар тууралуу айтып берди

Буга чейин социалдык тармактарда №169 кичи автобус менен оор жүк ташуучу унаанын катышуусундагы үрөй учурган жол кырсыктын видеосу тараган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен жалпы 24 адам ооруканага жеткирилгенин, 4 адам жандандыруу бөлүмүнө түшүп, алардын үчөөсүнүн абалы оор экенин, 1 адам каза болгонун билдиришти.

Ал эми SUPERTV телеканалына башкы дарыгер Алмаз Кубатбеков жабыркагандар тууралуу айтып берди.