Жүк ташуучу унаанын кичи автобусту сүзүшү. «Карындашым жандандыруу бөлүмүндө жатат» дейт жаран

19-июль күнү саат 07:50 чамаларында Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо-3 конушунун Элмирбек Иманалиев атындагы көчөсүндө үрөй учурган жол кырсыгы орун алды. Эл ташуучу №169 кичи автобусу түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, жолдон токтоп жүргүнчүлөрдү салып жаткан учурда ошол эле тарапты көздөй бара жаткан чоң жүк ташуучу унаасынын айдоочусу кичи автобусту артынан сүзгөн. SUPERTV телеканалы учурда ооруканада дарыланып жаткан жабырлануучулардан кабар алды.

«Эртең менен саат 07:30да жумушка жөнөгөм. Башка эч нерсе эсимде жок. Унаа менен эле келдик. Ошол замат жолдошума чалдым»,- деди бир жабырлануучу.

Ал эми карындашынын жандандыруу бөлүмүндө жатканын айткан жаран окуя боюнча азырында так маалыматы жок экенин айтты. «Азыр карындашым жандандыруу бөлүмүндө жатат. Азыр эмне болгонун билбей жатабыз. Ооруканага жакшы эле келген экен. Азыр дем алдыруучу аппаратта жатат. Азыр Кудайга жалынып эле, күтүп жатабыз»,— деди ал.