Жыл башынан бери 232 адам жол кырсыгынан каза болгон

2021-жылдын беш айында Кыргызстанда жол кырсыгынан 232 адам каза болду. Бул тууралуу кечээ, 29-июнда брифингде Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызматы жана укуктук тартипти камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Манас Сыдыгалиев билдирди. Анын айтымында, былтыркы жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 18 пайызга көп. Мындан тышкары, дагы 4 миң 32 адам кырсыктан жаракат алышкан. Өткөн жылы жол кырсыгынан жабыркагандардын саны 47 пайызга аз болгон.

“Жалпысынан жыл башынан бери Кыргызстанда 2767 жол кырсыгы болгон, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 48,4 пайызга көп. Бир жылдык айдоочулук тажрыйбасы бар айдоочуларды кошкондо 207 жол кырсыгы катталып, 20 адам каза болуп, 323 адам жаракат алган. Жол кырсыктарынын негизги себеби айдоочулардын кылмыш ишине кайдыгер мамиле жасагандыгы. Айдоочулар ылдамдыктын чегинен ашып кеткендиктен болуп жатат», — деди Манас Сыдыгалиев.