Кыргызстанда сегиз айда 4637 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Азамат Исраилов билдирди. Анын айтымында, алардын ичинен 497 адам каза болуп, 6 миң 900 адам жаракат алган.
Белгиленгендей, ушул эле убакыт аралыгында өлкөдө жол эрежелери 524 миң жолу бузулган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 77 пайызга көп.