Жыл башынан бери жол кырсыктарынан 497 киши каза болду

Кыргызстанда сегиз айда 4637 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Азамат Исраилов билдирди. Анын айтымында, алардын ичинен 497 адам каза болуп, 6 миң 900 адам жаракат алган.

Белгиленгендей, ушул эле убакыт аралыгында өлкөдө жол эрежелери 524 миң жолу бузулган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 77 пайызга көп.