Жыл башынан бери жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда 542 жол кырсыгы катталган

Эки күндүк «Жөө жүргүнчү» рейди үчүн жолду туура эмес жерден кесип өткөндөргө 140 протокол түзүлдү (айып пул — 1 миң сом). Бул тууралуу Патрулдук милициядан билдиришти. Жыл башынан бери Бишкек шаарынын аймагында жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда 542 жол кырсыгы катталып, анын ичинен 588 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Рейддин аягында:

— Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден өтүүсүнө тоскоолдук кылган айдоочуларга карата 80 протокол түзүлдү, айып пул 3000 сом;

— Мас абалында унаа айдагандыгы үчүн 26 айдоочуга айып пул салынды;

— 32 айдоочуга айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаргандыгы үчүн айып салынган;

— башка мыйзам бузуулар — 1498;

— Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн 137 унаа айып токтоочу жайга киргизилген.