«Жылаңач сүрөтүңдү интернетке таратам». Жалал-Абадда топтун кылтагына илинген таксист (видео)

“Жылаңач түшкөн сүрөттөрүңдү интернетке таратам” деп опуза кылгандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Милицияга Сузак районунун 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында 2022-жылдын декабрь айында Жалал-Абад шаарында такси айдап жүрүп, аял киши менен таанышкандыгын, ал менен социалдык тармакта сүйлөшүп жүргөндүгүн билдирген. Бул учурда аял киши “жылаңач сүрөтүңүздү жөнөтүңүз” деп сактап алып, кийин “жылаңач түшкөн сүрөттөрүңдү интернетке таратам” деп коркутуп, акча талап кылып жүргөн. Аял киши өзүнүн дагы бир шериги менен акча талап кылуусун токтотпой, кийим-кече, үй-тиричилик буюмдарын алдырып, карызын төлөтүп, жалпы суммасы 187 миң сом акчасын коркутуп алышкан. Алар азыркы учурда дагы токтоп калбастан коркутуп, акча талап кылып жатканын билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

10-февралда бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (опузалап талап кылуу) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишине шектелип Сузак районунун 1983-жылы туулган тургуну жана Жалал-Абад шаарынын 1987-жылы туулган тургуну кармалган. Алардан опузалап талап кылган 15 миң сом акча жана Вотсапта жазылган видео, аудио жана текст жазуулары алынган. Мындан сырткары тергөөнүн жүрүшүндө ыплас кылмыш ишине Сузак айылдык кеңешинин депутаты жана Сузак районунун тургуну шериктеш болуп жүрүшкөндүгү такталган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.