«Жылкыдан буйтайм деп сүзүшүптүр». Ысык-Көлдөгү жол кырсыкка жылкы себеп болгону айтылууда

Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, 5 адам көз жумган. Алардын арасында ата эки кызы менен каза болгон. Социалдык тармактын колдонуучулары жол кырсыкка жолдо жүргөн жылкылар себеп болгонун жазышууда.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жол кырсыкта каза болгон ата менен кыздардын айылдаштары да ушундай версияны укканын айтышты. «Биз да ушинтип уктук. Жылкыдан буйтайм деп сүзүшүптүр деп жатышат. 3 жылкы өлүп жатат дешти»,- дейт айылдашы.

Окуя боюнча милиция маалымат бере элек.