“Жылкыны баласынын ашына соймок”. Токмоктогу мал базарда акчасын уурдаткан аксакалга милиция барды

Токмок шаарындагы мал базарда аксакалдын акчасын уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Текшерүү убагында акчасын уурдаткан аксалдын аты-жөнү аныкталып, анын 1943-жылы туулган жаран экени аныкталган. 17-октябрда Чүй ОИИББдин жана Токмок ШИИБдин жетекчилиги тарабынан акчасын уурдаткан аксакалдын үйүнө барып сүйлөшүү иштери жүргүзүлгөн. Сүйлөшүүнүн натыйжасында 1943-жылы туулган аксакал арыз менен кайрылган. Ал арызында 16-октябрда саат 9:00 чамасында Токмок шаарындагы мал базарынан анын курткасынын төш чөнтөгүнөн белгисиз адамдар каза болгон баласынын ашына сойгону жылкы ала турган 120 миң сом акчасын уурдап кеткендигин билдирип, аларга чара көрүүнү суранган. Ошол эле күнү аталган факты боюнча 205-беренеде (урулук) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Азыркы учурда жогорудагы коомчулукка резонанс жараткан кылмыштын бетин ачуу максатында Чүй облустук милициясынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлери жана тергөөчүлөрү иш алып барууда.

Токмок ШИИБдин өздүк курамы тарабынан жогорудагы кылмыш боюнча күбөөлөрдү жана кылмышкерлерди аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Бул кылмыш ишинин жүрүшү ИИМдин жетекчилиги тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынууда. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бул иш боюнча дагы кошумча маалымат берилет. Жабырлануучу тарап блогерлерди жана социалдык тармактардын өкүлдөрүнөн анын жашына жана ден соолугуна байланыштуу тынчын албоону суранууда”, — деп айтылат маалыматта.