«Жыныстык мүчөсүн жашы жете элек кызга сүрттү». Бишкекте коомдук транспортто аялдарга ыдык көрсөткөн жаран изделүүдө

Кечээ, 6-июль күнү Бишкекте маршруттук таксиде белгисиз жигит жыныс мүчөсүн аялдарга сүртүп, аягында 13-14 жаштагы жашы жете элек кызга да ыдык көрсөткөн. Бул тууралуу жабырлануучу социалдык баракчага жазып чыккан.

Бүгүн 17:30 чамасында Москва менен Совет көчөсүнөн №164 маршруттук таксиге түшкөн белгисиз жаран тыгындан пайдаланып ыдык көрсөтүп жатканына күбө болдум. Алгач тыгындан болуп жатат деп ойлоп, кийин аны жаман көзүм менен карап койдум. Ал менден ары жылып кетти да, байкатпастан башка аялдарга «жаман кылыгын» кылып жатты. Көк-Жар кичирайонуна чейин аны карап турдум. Бир маалда ал 13-14 жаштагы кызга тийип, жыныстык мүчөсүн сүртүп жатканда ага кыйкырып баштадым. Ал атып маршруткадан чыгып кетти. Артынан нес абалда мен да кубалап видеого тартып кирдим. Тилекке каршы, маршруттук таксиде тарта албай калдым, — деген жабырлануучу.

Жабырлануучу тарткан видеого караганда, аял белгисиз жарандын артынан «коомдук транспортто жашы жете элек кызга жыныстык мүчөсүн сүрттү» деп кыйкырып баратканда алдыдан бир эркек качып бараткан жаранды кармап, окуя тууралуу сураган. Ал аялдан кечирим сурап, түшүнбөстүктөр болуп кеткенин айтканда эркек аны коё берген.

Аталган окуя боюнча Октябрь РИИБисине катталып, белгисиз жаранды издөө иштери башталганын билдирди.