Жыргалаң суусуна түшүп кеткен экинчи кыз изделип жатат

Бүгүн, 26-май күнү Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2017-жылы туулган К.М. аттуу кызды издөө иштери улантылууда.

Жеринде ӨКМдин Каракол шаардык N15 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу, 1 моторлуу кайык менен, Түп райондук N34 ӨККБдан 6 куткаруучу, Суучулдар кызматынан 4 суучул, 1 моторлуу кайык менен жана жергиликтүү тургундардан 20 адам издөө иштерин жүргүзүүдө.

Кечээ, 25-май күнү Түп районунун Михайловка дачасынан Жыргалаң суусуна түшүп кеткен эки кыздын бири, 2016-жылы туулган Т.С нын жансыз сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан аталган суудан табылган.