Жыргалаң суусуна түшүп кеткен кыздардын биринин сөөгү табылды

Бүгүн, 25-май күнү Түп районуна караштуу Михайловка дачасындагы Жыргалаң суусунун сол тарабынан 2016-жылы туулган Т.С. аттуу кичине кыздын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан табылды.
Жеринде экинчи кызды издөө максатында ӨКМден 11 куткаруучу, 4 суучул, жергиликтүү тургундар менен биргеликте иш алып барууда.
18-май күнү Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна 6 жаштагы Т.С. жана 7 жаштагы К.М. аттуу эки кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп жеринде издөө иштери жүрүп жаткан.