Жүргүнчүлөр таксистти муунтушуп, унаасын саттым деген тил кат жазууга мажбурлашкан

Аламүдүн районунда таксистке каракчылык менен кол салууга шектелген адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалыматында айтылат.

Маалыматка караганда, 31-декабрь түнү үч жигит Бишкектин көчөлөрүнүн бирине такси кызматын чакырып, Восток айылына жеткен соң, артта отурган жүргүнчүлөрдүн бири айдоочуну коопсуздук куру менен муунта баштаган. Кийин алар бычак такап, таксистти унаасын сатканы тууралуу тил кат жазууга мажбурлашкан. Андан ары айдоочуну байлап, талаага калтырып салышкан. 19 жаштагы жабырлануучу милицияга кайрылган. Көп өтпөй, 20 жаштагы эки жаран, 18 жаштагы бир жаран шектүү катары кармалды. Унаа Ысык-Ата районунун аймагынан табылган. Учурда тергөө иштери уланып жатат.