Жүргүнчүлөрү бар автобустун жолун тосуп, сөгүнгөн айдоочу милицияга жеткирилди (видео)

Социалдык тармактарда Honda CRV үлгүсүндөгү унаанын ээси жүргүнчүлөрү бар автобустун жолун тосуп, сөгүнүп, айдоочуга ортонун көрсөткөн видео тарап жатат. Окуя боюнча Бишкек ШИИБден маалымат беришти.

Маалыматка караганда, окуя 23-сентябрда саат 11:30 чамасында Аул жана Хвойной көчөлөрүндө болгон. 1977-жылы туулган жаран тергөөгө жеткирилген. Ал майда бейбаштык боюнча убактылуу кармоочу жайга киргизилген.