«Жүрөк оорутат». Перизат Суранованы апасы менен көрүшүүгө тоскоол болгон көрүнүш талкууга түштү

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасын кароо уланууда. Анда жарандык активист Перизат Суранованын апасы менен көрүшүүсүнө уруксат берилген жок.

Бул көрүнүш социалдык тармактарда талкуу жаратууда. Көпчүлүк «Эненин баласы үчүн көз жашы төгүлбөсүн», «Жүрөк ооруйт го», «Бул күндөр да өтөт», «Ушунча болдукпу?» деп жазышса, айрымдары бул көрүнүштү туура эле кабыл алганын жазышты.