Кабарчы Арзыгүл Галымбетова каза болордун алдында милицияга арыз менен кайрылган. Блогер кармалды

25-март күнү Баткен шаарынын тургуну 1984-жылы туулган Арзыгүл Галымбетова Баткен ОИИБине келип, “Батма-бат” Ютуб каналында иштеген блогер кыз менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат» деген таризде арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан маалымдашты.

Бул арыз каттоого алынып, ошол эле күнү арыздануучу чыр-чатактан соң, ден соолугу начарлап, саат 20:00дөр чамасында Баткен облустук бириккен борбордук ооруканасынын неврология бөлүмүнө кайрылган. Арзыгүл Галымбетовага дарыгерлер жардам көрсөткөндүгүнө карабай ден соолугу начарлап, ошол эле түнү каза болгон. Бул факты боюнча арыздануучунун арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштеринин негизинде Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Кечээ, 27-мартта маркум кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмү акыйкат иликтенишин кесиптештери суранып, кайрылуу жарыялашкан болчу.