Кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча иш сотко өттү

Кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу иш сотко өттү. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен облустук сотунан тастыкташты.

Маалыматка караганда, соттук отурум 6-июлга саат 14:00гө белгиленген.

Кабарчынын өлүмү боюнча 28-мартта Баткен облустук милициясынан Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголгонун маалымдашып, анын алкагында Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну болгон “Батма-бат” Ютуб каналында иштеген блогер кармалганын билдиришкен. 29-мартта Баткен райондук сотунун токтому менен шектүү Батмакан Жолболдуева бир ай мөөнөткө камакка алынып, 26-апрелге дейре Жаза аткаруу кызматынын Жалал-Абад шаарындагы №53 мекемесине киргизилген