Кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмү. Күрөө тамырын кескен шектүү убактылуу кармоочу жайга которулду

Буга чейин жактоочу кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу кармалган блогер Батмакан Жолболдуева күрөө тамырын кескенин билдирген. Блогер тергөө изоляторунун башчысы жана башка кызматкерлери тарабынан коркутууга жана кысым көрсөтүүгө кабылганына арызданганы айтылган.

Окуя боюнча Баткен ОИИБ маалымат берди. «Баткен РИИБдин убактылуу кармоо жайында шектүү катары кармалып турган 1989-жылы туулган Баткен шаарынын тургуну белгисиз себептерден улам өз өмүрүнө кол салуу максатында сол колунун билегин учтуу нерсе менен кескилеп салган. Тез жардам кызматы алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жеткирилди. Анын абалы турукташкандыгына байланыштуу кайрадан убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — дешти милициядан.