Кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмү. Шектүү блогер камакта калтырылды

Ош шаардык соту кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу кармалган блогер Батмакан Жолдубаеваны камакта калтырды.

Маалыматка караганда, ал 26-майга чейин камакта болот. Буга чейин шектүүгө карата дагы 3 кылмыш иши козголгону маалым болгон.

Кабарчынын өлүмү боюнча 28-мартта Баткен облустук милициясынан Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголгонун маалымдашып, анын алкагында Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну болгон “Батма-бат” Ютуб каналында иштеген блогер кармалганын билдиришкен. 29-мартта Баткен райондук сотунун токтому менен шектүү Батмакан Жолболдуева бир ай мөөнөткө камакка алынып, 26-апрелге дейре Жаза аткаруу кызматынын Жалал-Абад шаарындагы №53 мекемесине киргизилген