AКИpress маалымат агенттигинин журналисти Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча кармалган блогер акталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен облустук сотунан билдиришти.
Баткен облустук сотунун бүгүн, 22-майдагы өкүмү менен Ж.Б.Т. Кылмыш жаза кодексинин 190-беренесинин 2-бөлүмү (жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу) менен күнөөлүү эмес деп табылып, аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.
280-берененин 1-бөлүмү (бейбаштык) менен күнөөлүү деп табылып, ал боюнча 50 миң сом айыпка жыгылган. 379-берененин 1,2-бөлүмү (документтердин жасалмасын жасоо) боюнча эки жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылып, жаза өтөөдөн бошотуу менен бир жылга пробация көзөмөл белгиленген.