Кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу кармалган блогер камакка алынды

Кечээ, 29-мартта Баткен райондук сотунун токтому менен шектүү Батмакан Жолболдуева бир ай мөөнөткө камакка алынды. Соттук процессте анын бөгөт коюу чарасы каралып, 26-апрелге дейре Жаза аткаруу кызматынын Жалал-Абад шаарындагы №53 мекемесине киргизилди.

28-мартта Баткен облустук милициясынан Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголгонун маалымдашып, анын алкагында Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну болгон “Батма-бат” Ютуб каналында иштеген блогер кармалганын билдиришкен. Анын үстүнөн 25-март күнү «Акипресс» сайтынын аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетова аброюна шек келтирип, каралап жатат деп арызданып, ошол эле күнү ден соолугу начарлап, ооруканада каза болгон.