Кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу кармалган блогер күрөө тамырын кести

Кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу кармалган блогер Батмакан Жолболдуева күрөө тамырын кести. Бул тууралуу маалыматты анын жактоочусу журналисттерге билдирди.

Блогердин жактоочусунун айтымында, буга чейин Баткен облустук соту анын бөгөт чарасын карап, ага чейин чыгарылган инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Блогер тергөө изоляторунун башчысы жана башка кызматкерлери тарабынан коркутууга жана кысым көрсөтүүгө кабылганына арызданган.

28-мартта Баткен облустук милициясынан Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголгонун маалымдашып, анын алкагында Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну болгон “Батма-бат” Ютуб каналында иштеген блогер кармалганын билдиришкен. 29-мартта Баткен райондук сотунун токтому менен шектүү Батмакан Жолболдуева бир ай мөөнөткө камакка алынып, 26-апрелге дейре Жаза аткаруу кызматынын Жалал-Абад шаарындагы №53 мекемесине киргизилген. Анын үстүнөн 25-март күнү «Акипресс» сайтынын аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетова аброюна шек келтирип, каралап жатат деп арызданып, ошол эле күнү ден соолугу начарлап, ооруканада каза болгон.