«Кабарлар» маалымат агенттигинин жетекчисинин кармалышы. Арыз ээси акчаны жыйын өткөрүү үчүн бергенби?

УКМК кызматкерлери «Кабарлар» маалымат агенттигинин башчысы Үмүт Мукамбетованы кармады. ЖМКлар билдиргендей, арыз ээси бир нече күн мурун Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан мас абалында унаа айдап бара жатканда токтотулган.

Ал видеодо жаран алгач өзүн ар кандайча тааныштырат, андан кийин ар кимге, анын ичинде президент Садыр Жапаровго чалам деп коркута баштаган. Бул видео бир нече ЖМКларга жарыяланган. Ошондон кийин жаран сайттын администраторлоруна кайрылган.

Kaktus.media маалымдагандай, бул адам кызматкерлер тарабынан мас абалында кармалган учурдагы жүрүм-турумун четке кагуу үчүн Бишкектеги мейманканалардын биринде маалымат жыйынын өткөрүүгө акча берген. Бул акча мейманкана чыгымдары жана башка чыгымдар үчүн которулгандан кийин Үмүт Мукамбетова камакка алынган. Ошондой эле «Кабарлар» арыз ээси сайттын жетекчилери менен жеке тааныш болгонун кошумчалады.