Милиция кызматкерлери тарабынан аял кишини сабаган жаран кармалды. Аял алган жаракатынан ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-августта Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Бишкек шаардык илимий изилдөө борборуна кабыргалары сынган, мээси чайкалган, баш сөөгүнөн жаракат алган 40 жаштагы аял түшкөндүгү кабарланган. Ооруканага Октябрь РИИБдин кызматкерлери барышып, 4-кичи райондордогу үйлөрдүн биринде аял киши менен эркек кишинин ортосунда кайым-айтышуу болгонун, анын кесепетинен аял киши сабалганы, анын ооруканада эсине келбей көз жумганы аныкталган.
Бул факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 138-беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 1971-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланып жатат.