«Качканга үлгүрбөй калдык». Унаа менен поезддин алдына кирип кеткен ата-баланын абалы оор

Буга чейин Чүй ОИИБден Ысык-Атадагы темир жолдо болгон кырсык тууралуу маалымат беришкен. Кырсык 13-ноябрда саат 15:30 чамасында Жээк менен Дмитриевка айылдарынын ортосунда катталган. ВАЗ 21150 үлгүсүндөгү унаанын 1984-жылы туулган айдоочусу поезддин алдына кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркаган. Алар жеңил унаанын айдоочусу жана 2 жүргүнчү.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине бүгүн, 18-ноябрда унаанын ичинде бир үй-бүлө болгону маалым болду. Тактап айтканда, унаада айдоочунун 3 жашар баласы жана жубайы болгон. «Жолдошума биринчи операция жасалган. Эми экинчи жолу жасаш керек экен. Чет өлкөдөн алып келине турган аппарат коюш керек дешти. Уулума ошол күнү эле операция жасалган. Учурда Бишкектеги балдар ооруканасындабыз. Ал эми жолдошум 4-шаардык ооруканада. Экөөнүн тең абалы оор. Үй-бүлөнү жолдошум бакчу. 4 балабыз бар.

Унаада жакшы эле кетип бара жатканбыз. Жолдошум ойлонуп кетти окшойт. Оң жакты карасам эле шаардан поезд келе жатыптыр. Унаа ошол жерде өчүп калды. Качканга үлгүрбөй калдык. Окуя тез эле болуп кетти, эмне болгонун түшүнгөн жокпуз», — деген келин операцияга акча керек болуп жатканын айтты.

Жардам берүүнү каалагандар: 0500 908 206 номуруна кайрылса болот.