Таласта 12 жаштагы кызды зордуктоого шектелген өгөй ата кармалды. Маалыматка караганда, 12-сентябрда милицияга Таласта жашы жете элек кызга өгөй атасы тарабынан ыплас иштер жасалганы тууралуу маалымат түшкөн.
Териштирүү учурунда кыздын апасы экинчи күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазып, мыйзамдуу чечим кабыл алып берүүнү суранган. Кызга карата тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Бакай-Ата милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары, кыздын 1976-жылы туулган өгөй атасы Казакстанга өтүүчү “Ак-Жол” постунан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.