Кадамжайда 2 жаштагы кызын сабап, видеого тарткан келин 48 саатка камакка алынды

Баткенде 2 жашка толо элек кызын сабаган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Кичинекей кызына карата зомбулук көрсөткөн аял 30-январь күнү Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилген.

Ал эми Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде, үч баласы мамлекеттин камкордугуна убактылуу алынып, Кадамжай районунда жайгашкан “Кут Кадам” үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө Кадамжай РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасы менен алып барылып, жайгаштырылган.