Кадамжайда 24 жаштагы эки жигитти 4-5 жаран ур-токмокко алган

Баткенде бейбаштык кылууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан «Техас» кафесинин алдында ушул жылдын 17-январь күнү 24 жаштагы эки жигитти  4-5 киши уруп, денелерине жараат келтирет. Бул факты Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кадамжай РИИБдин ыкчам кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнүн натыйжасында, кылмышка шектүү Кайтпас айылынын 34 жаштагы жана Алга айылынын 20 жаштагы тургундары кармалып, кылмыш иши Кадамжай райондук сотуна жөнөтүлгөн. Алар камакка алынды.