Кадамжайда 3 тоннадай жүзүм менен гиласты мыйзамсыз алып келүү токтотулду

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында Баткен бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз жаранынын башкаруусундагы «Volkswagen LT 46» үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган.
Бажылык текшерип кароодо унаанын жүк бөлүгүнөн ар бири 7,5 килограмм салмактагы 15 коробкада жүзүм; 357 кутуда 7,9 килограмм өлчөмүндө гилас табылган. Жүк бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган документтери жок болгон. Кармалган товардын жалпы салмагы 2938,8 килограммды түзгөн. Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 438 миң 795 сом.
Факты боюнча чогултулган материалдар Бажы кызматынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын бажылык иликтөө секторунда каралууда.