Кадамжайда 38 жаштагы келиндин жансыз денеси дарыя жээгинен табылды

Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылынан өткөн Исфайрам дарыясында белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Ал жерге куткаруучулар тартылып, аял кишинин жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берген. Маркумдун 1984-жылы туулган аял экендиги аныкталды.