Кадамжайда 8 жыл мурун наабайкананын ээсин бычактаган шектүү кармалды

Кадамжайда 8 жыл мурда кылмыш жасап, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Ош облусунун Ноокат районунун Гүлистан айылынын 1971-жылы туулган Х.А. аттуу тургуну 2014-жылы Кадамжай районунун Ормош айылында наабайканада нан жаап иштеп жүрүп, наабайкананын ээси 38 жаштагы А.У.га бычак сайып коюп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Жогорудагы факт боюнча издөө иштери ачылып, бейбаштык кылып изин жашырып жүргөн Х.А. 2022-жылдын 7-июль күнү Сүлүктү шаарынан аныкталып кармалды.

Азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.