Кадамжайда айдоочу 5 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен

Кадамжайда 5 жаштагы баланы сүзүп кеткен шектүү айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-мартта саат 21:45 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында айдоочу жөө жүргүнчү, Кадамжай районунун 2017-жылы туулган тургунун койдуруп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Кырсыктын кесепетинен өспүрүм денесинен жараат алып, Кадамжайдагы оорукананын сыныктар бөлүмүнө кайрылган. Кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун 1953-жылы туулган тургуну аныкталган. Ал өзүнүн Дэу-Нексия үлгүсүндөгү унаасын Кызыл-Булак айылындагы үйлөрдүн биринде жашырып койгон жеринен кармалган.