Кадамжайда айдоочу унааны башкара албай, жол четине чыгып кеткен

Кадамжайдагы жол кырсыгынан 2 кыз жараат алган окуя боюнча милиция текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

21-октябрь күнү Кадамжай шаарынын Жийделик тилкесинде Ноокат районунун 19 жаштагы тургуну өзүнүн Chevrolet Lanos үлгүсүндөгү унаасында бара жатып, рулду башкара албай жол четине чыгып кеткен. Кесепетинен унаанын ичиндеги эки жүргүнчү кыз денелеринен жараат алып, Кадамжай жалпы дарылоо практикалык борборуна кайрылган.

Бул маалымат Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.