Кадамжайда «Алмаз» тойканасынан уулангандардын саны 108ге жетти

Кадамжай районундагы «Алмаз» тойканасынан уулангандардын саны 108 болду. Бул тууралуу Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынан кабарлашты.

«Бүгүн, 2-августка карата тойканадагы тамактан уулангандардын саны 108ге жетти. Алардын ичинен 23ү (2 жаш бала) азыркы учурда стационардык дарыланууда, 85 пациент (1 жаш бала) амбулатордук дарыланууда. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык, реанимация бөлүмүндөгү 2 жаш баланын абалы жакшырып, инфекция бөлүмүнө жайгаштырылды», — деп билдирет басма сөз кызматы.

Эске салсак, 30-июлда Кадамжайдагы «Алмаз» тойканасында 250 адамды чогулткан үйлөнүү той болуп, анын кесепетинен тойго барган 89 адам тамактан ууланганы маалымдалган.