Кадамжайда ата-баланын өлтүрүлүшү. Шектүүлөр милиция менен атышып, бирөөсү каза болду

Кадамжайда түн ичинде ата-баланы өлтүрүп кеткен шектүүлөр милиция кызматкерлерине карата куралдуу каршылык көрсөтүшкөн. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

18-октябрда саат 22:00 чамаларында Кадамжай районунун Марказ айыл аймагындагы үйгө белгисиз жарандар киришип, 1961-жылы туулган жаран жаны анын 1992-жылы туулган уулун атып өлтүрүп, 1963-жылы туулган жубайын катуу буюм менен башына жана колуна уруп, жараат келтирип, короодогу мал сарайын өрттөп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткендиги аныкталган.

Кесепетинен ата менен уул жарааттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми аял ооруканага кайрылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышты 1994-жылы туулган А.уулу Ф. менен бирге 2003-жылы туулган Б.А. жасагандыгы аныкталып, качып жүрүшкөн.

22-октябрда РИИБдин өздүк курамы тарабынан ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү учурунда, Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Сарыбай айылындагы жаңы курулуп жаткан мечиттин чатырында эки жаран ок атуучу курал менен жаткандыгын ошол мечитте иштеп жатышкан усталар көрүшүп, жакын жашаган жарандарга билдиришкен.

Бул маалыматты тактоо үчүн милиция кызматкерлери барган учурда, белгисиз эки жаран ок атуучу курал менен каршылык көрсөтүшүп, Марказ айыл аймагынын Сарыбай айылынын үстүндөгү түштүк-чыгыш тоо тарапка качып жөнөшкөн. Аларды кармоо максатында Кадамжай РИИБдин өздүк курамы, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жана ИИМдин Ош облусу боюнча атайын багыттагы полкунун 3-батальонунун кызматкерлери артынан кууп барышып, куралдуу каршылык көрсөтүү кылбастан өз ыктыярлары менен багынып берүү жөнүндө катуу үн чагыруучу жабдык менен эскертүүсүнө карабай, милиция кызматкерлери тарапка ок атуучу курал менен ок чыгарып, аткылай баштаганда, 3 милиция кызматкери жаракат алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жиберилген.

Ал эми кылмышка шектүү А.Б. мыйзамдуу талаптарга баш ийип, багынып, жерге жатып берген. Бирок кылмышка шектүү А.у.Ф. өзүнүн ок атуучу куралы менен кайрадан милиция кызматкерлери көздөй атып, каршылык көрсөтө баштаган. Милиция кызматкерлери тарабынан биринчи ирет бутуна атылганына карабай куралдуу каршылык көрсөтө бергендиктен, башына ок тийип каза болгон.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүүдө, шектүүлөр өздөрү менен бирге алып жүргөн №F6368 сандуу үстүндө сайлуу жана сайсыз 28 каллибрдеги кош атар болгон ок атуучу куралы, уктоочу кап, эки даана кара түстөгү асынуучу сумкалардын ичинде жашоого шарт түзүүчү буюмдары менен кийимдер, ок-дарылары жана окту жасоого керектүү шаймандар табылып, далил катары алынган.

Азыркы учурда, кылмышка шектүү 2003-жылы туулган Б.А. РИИБге жеткирилген. Алдын ала көрсөтмө алууда жогорудагы кылмыш ишин А.уулу Ф. менен бирге жасашканын билдирген. Тергөө амалдары жүрүп жатат.